Бишкекте Арча-Бешик конушундагы Эр-Тайлак көчөсүн Арча-Бешиктен Репин көчөсүнө чейин оңдоо иштери улантылууда.

Бул бөлүм КЭР грантынын эсебинен «Бишкек шаарынын жол тармагын өнүктүрүү» (фаза-2) долбооруна киргизилген.

Жолду реконструкциялоо долбоору «Бишкекбашкыархитектура» мамлекеттик мекемеси тарабынан берилген архитектуралык-пландоо шарттарынын негизинде иштелип чыгып, экологиялык жана мамлекеттик экспертизадан өткөн.

Долбоорго ылайык, жолдун узундугу 1,9 км, жүрүүчү бөлүктүн туурасы 9 метр, тротуарлардын туурасы жүрүүчү бөлүктүн эки тарабында 1,5 метрди түзөт. Ошондой эле жолдун эки тарабына сугат ирригациясы орнотулат.

Белгилей кетсек, Эр-Тайлак көчөсүнүн Репин көчөсүнөн Шералиев көчөсүнө чейинки бөлүгүндө суу түтүгүнүн курулушуна байланыштуу курулуш иштери убактылуу токтотулган. Суу түтүгүн тартуу Коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан жүргүзүлөт.

Ошондой эле, реконструкциялоого тоскоолдук кылган жана муниципалдык аймакты мыйзамсыз ээлеп турган жеңил типтеги объектилерди бузуу жүргүзүлүүдө. Алсак, буга чейин 4 жеңил объект бузулуп, 24 тосмо алынды.