Суу менен камсыздоо тутумундагы ичүүчү суунун сапатын көзөмөлдөөнү “Бишкексууканал” өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгынын химиялык-бактериологиялык лабораториясынын түзүмдүк бөлүмү ишке ашырат.

Сууга коюлган талаптар абдан жогору: ал бардык санитардык өлчөмдөргө жана керектөө сапаттарына жооп бериши керек. Адистер  жүрүштү ар бир этапта көзөмөлдөп, суунун ченемдик талаптарга ылайык келишин үзгүлтүксүз текшерип турушат.

Лабораторияда суунун үлгүлөрү физикалык-химиялык, микробиологиялык, радиологиялык жана паразитологиялык көрсөткүчтөр боюнча изилденет. Лабораториянын кызматкерлери күн сайын суу алуучу жайларда жана бөлүштүрүү тармагынын 360 көзөмөлдөөчү жайларынан  хлордун калдыктарын текшерип турушат.

Ошондой эле лаборатория ичүүчү суунун сапатын изилдөөлөрдүн жана анализдердин топтомун  жүргүзөт. 2021-жылы 124 330 сыноо жүргүзүлгөн. Анын ичинен суунун сапатын аныктоо үчүн 11341 үлгү алынга жана бактериологиялык көрсөткүчтөр боюнча ичүүчү суунун үлгүлөрүнө 33 417 анализ алынса, ал эми ичүүчү суунун үлгүлөрүн химиялык көрсөткүчтөрү  боюнча 73 390 талдоо жүргүзүшкөн. Калдык  хлор үчүн 6182 анализ алынган.

Лабораториянын кызматкерлери элдин саламаттыгынын сакчылыгында, ичүүчү суунун сапатына эң катуу көзөмөл жүргүзүшөт.
Сапаттуу жана коопсуз суу - бул катуу сакталган талап.