Свердлов районунун №65 экологиялык-экономикалык лицейинде  жеңил атлетика боюнча биринчилик өткөрүлдү.

Иш – чара "дени сак денеде-дени сак рух" деген ураан астында өттү.

Ал Кыргыз Республикасынын Президентинин "Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө" Жарлыгын аткаруу боюнча иш-чаралардын алкагында, ошондой эле пионердик кыймылдын 100 жылдык мааракесинин  урматына уюштурулду.

Биринчиликке  № 65 лицейдин 5 тен 11 ге чейинки класстын окуучулары катышты. Катышуучулардын жалпы саны 700 адамды түздү.