“Бишкексууканал” өндүрүштүк эксплуатациялык  башкармалыгынын адистери бешинчи баштапкы тундургучту оңдоого киришти.
Жалпысынан Бишкек шаарындагы саркынды сууларды тазалоочу жайда 8 негизги жана 10 кошумча тундургучтар бар.

Учурда төрт негизги жана бир кошумча тундургучту тазалоо иштери аяктады. Эски металл түзүлүшү  бузулуп, жаңысы орнотулду. Мындан тышкары, темир-бетон менен бетондоо иштери жүргүзүлдү.
Саркынды сууларды тазалоочу тундургучтар – бул агынды сууларды тазалоонун технологиялык чынжырынын бир бөлүгү болуп саналат. Механикалык тазалоонун алгачкы эки этабынан өткөндөн кийин саркынды суулар суткасына 230-250 миң куб метр өлчөмүндө алгачкы тундургучтарга түшөт. Ал эми тазаланган суу биологиялык тазалоого кетет.

Белгилей кетсек, борбор калаанын тазалоочу курулмаларында саркынды сууларды тазалоо иштери көп баскычтуу жүрүштөн өтөт.

Ошондой эле «Бишкексууканал» ишканасы жыл бою, күнүнө 24 саат саркынды сууларды тазалоочу жайга түшкөн керектөө сууларын тазалайт. Үзгүлтүксүз иштөөдө объекттердин физикалык жактан эскириши саркынды сууларды тазалоонун сапатынын төмөндөшүнө алып келиши мүмкүн. Буга байланыштуу жыл сайын оңдоо иштери жүргүзүлүп турат.

Маалымат үчүн: 1976-жылы Бишкек шаарындагы тазалоочу жайлар ишке киргизилген.
Муниципалдык канализациясынын түзүлүшү төмөнкүлөрдөн турат:
-Бишкеке шаарындагы аэростанция;
-4 канализациялык насостук станциялар;  
-767,5 км канализация тармактары.