Бишкек шаарынын мэриясынын «Бишкек шаарындагы көп батирлүү турак жайларда турак жай менчик ээлеринин шериктештиктерин түзүү боюнча иштерди активдештирүү чаралары жөнүндө» буйругунун негизинде окуу семинары болуп өттү.

Тренинг  А.Осмонов атындагы Улуттук китепканасынын базасында өтүп,  ага Биринчи май райондук администрациясынын кызматкерлери, МАБдардын өкүлдөрү катышты.

«Көп кабаттуу үйлөрдү башкарууда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ролу» темасы козголду.

Жолугушуунун жүрүшүндө катышуучулар бул тема боюнча суроолорун бере алышты.