Калыс-Ордо конушунун түндүк тарабында социалдык объектилердин курулушуна капсула салуу салтанаттуу аземи болуп өттү.

Курулуштун башталышына конуштун  тургундары, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Максат Алымбеков, Биринчи май районунун акими Максатбек Сазыкулов күбө болушту.

Амбулатория төмөнкү дарекке курулат: Максат көч.  40а.

Курулуш арабдардын “Ассанабил” кайрымдуулук фонду тарабынан каржыланат.

Белгилей кетсек, «Ассанабил» кайрымдуулук фонду 2004-жылы түзүлүп, төмөнкү багыттар боюнча иш алып барат:

- билим берүү жана илим тармагында - республикада 55 мектеп курулган;

- медицина тармагында - Кыргызстанда бардыгы болуп 120 медициналык клиника курулган;

- коомдун социалдык абалын жакшыртуу жана өнүктүрүү жаатында - Кыргызстандын бардык аймагындагы балдарга ай сайын жөлөкпул, кеңсе буюмдарын, кышкы кийимдерди сатып алууда ж.б. (4200 балага жакын) жардам берилет.