Борбор калаанын муниципалитетинде мэр Эмилбек Абдыкадыров Дүйнөлүк банктын Борбор Азия боюнча инфраструктуралык программасынын менеджери Антонио Нуньес менен жолукту.

Жолугушууда тараптар коомдук транспорт, жол кыймылын башкаруу, абанын сапаты жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы тажрыйба алмашуу жаатында кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. Жаңы технологияларды ишке киргизүү, институттук потенциалды жакшыртуу маселеси да козголду.

Калаа башчысы биринчи кезекте чечүүнү талап кылган приоритеттүү маселелерди белгилеп, кызматташууга ыраазычылык билдирди.