Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык менчикти башкаруу департаменти аялдамаларда тазалоо иштерин жүргүздү.

Манас, Чүй проспектилери менен Фучик көчөсүндө жайгашкан аялдамалар  иретке келтирилди.

Урматтуу шаардыктар! Муниципалитет ар кандай жарнактарды аялдамаларга чаптабоону жана таштандыны башаламан  таштабоону  суранат.