Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата Бишкек шаарынын мэриясынын Чоң симфониялык оркестри П.И.Чайковскийдин музыкалык кечесин тартуулайт.

Концерттик программада: П.И.Чайковский. №1 симфония. «Ак куу көлү» балетинен сюита.

Концерт 1-июнда саат 19:00дө Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрынын Малахит залында өтөт.

Дирижер - Урмат Тентимишов.

Билеттер театрдын кассасында жана ticket.kg сайтында сатыкта.

Театрдан көрүшкөнчө!