«Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери Юлиус Фучик көчөсүнүндө жайгашкан «Аска-Таш» комплексинде кеңири иштерди жүргүзүштү.

Тазалыкчылар фонтандарды, отургучтарды, урналарды, «Бишкек» деген жазууну жана стеладагы орнаментти сырдашты.

Фонтандардын четтерин оңдоого жетиштик.

Андан сырткары үн өткөрбөй турган тосмолорду орноттук. Эми ал жер коопсуз гана эмес, кооз да болуп калды.

Стеланын жанындагы аянтка «Бишкекжашылчарба» муниципалдык ишканасы көк майсан өстүрүүнү пландап жатышат жана  ал жерге биздин кызматкерлер жээк таштарды орнотуп, көрктөндүрүү үчүн даярдыктарды көрүүдө.