Борбордо 21-майдан 22-майга чейин 9х19 спорттук ок атуу комплексинде ок атуу боюнча шаардык чемпионат өттү.

Мелдештин максаты ок атуу спортун жайылтуу, сергек жашоо образына чакыруу, спортчулардын спорттук чеберчилигин жогорулатуу жана Бишкек шаарынын курама командасынын курамын аныктоо болду.

Мелдешке түрдүү дисциплиналар боюнча 60тан ашык спортчу катышты.

Мырзалар арасында пневматикалык тапанчадан атуу боюнча мелдештин жыйынтыгында:

Токмоков Аскат - 1 орун (569);
Кошелев Александр - 2 орун (567);
Бектенов Имандос - 3 орун (566).

Айымдар арасында (ПП-3):
Кубанычбекова Кайыргуль - 1 орун (551);
Махмадова Бахтигул - 2 орун (547);
Кенешбекова Алтынай - 3 орун (486).

Пневматикалык тапанча менен МИКС:
Токмоков А. и Махмадова Б. - 1 орун;
Эркинбаев С. и Баязитова Р. - 2 орун;
Кубанычбеков Б. и Кубанычбекова К. - 3 орун.

Пневматикалык мылтык боюнча мырзалар арасында:
Кадырбеков Рамазан (603,7) 1 орун;
Ким Александр (585,6) 2 орун;
Туменбай у. Сыргак (580,5) 3 орун.

Пневматикалык мылтык боюнча айымдар арасында:
Хромых Анастасия (618,5) – 1 орун;
Талантбекова Арууке (617,2) – 2 орун;
Кубанычбекова Каныкей (616,6) – 3 орун.

Пневматикалык мылтык боюнча МИКС:
Кадырбеков Р. и Таланбекова Арууке –1 орун;
Кубанычбекова К. и Куватбеков Б. – 2 орун;
Хромых А. и Туменбай у. Сыргак – 3 орун.

Мелдештин жеңүүчүлөрү тиешелүү даражадагы дипломдор, медалдар жана кубоктор менен сыйланышты.