Теннис, паралимпиадалык жана күч спорт түрлөрү боюнча олимпиадалык резервдин адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинин спортчулары майыптар арасында армрестлинг боюнча ХХ Азия  Чемпионатында байгелүү орундарга ээ болушту.

Чемпионатка 12 өлкөдөн 850дөн ашык спортчу жана Бишкектен  4 спортчу катышты.

Сынактын жыйынтыгы боюнча:

Камчыбек уулу Эрлан (60 кг чейинки салмак  жана угуусу начарлар категориясы) – сол кол менен   2-орун, оң кол менен  3-орун;

Токтосун уулу Бекболсун (60 кг чейинки салмак  жана таяныч-кыймыл аппаратынын бузулуу категориясы) – сол кол менен  3-орун;
Токтосун уулу Бекболсун (абсолюттук салмак  жана таяныч-кыймыл аппаратынын бузулуу категориясы) -сол жана оң кол менен 3 – орун;

Белгилей кетсек мелдеш  Өзбекстан Республикасынын Самарканд шаарында өттү.

Ал эми спортчулардын  машыктыруучусу - Алчинов Олег Евгеньевич.