«Бишкекжашылчарба» муниципалдык ишканасынын таңы сугаттан башталды.

Азырку учурда жашылдандыруучулар сугат иштерин үч түрдө жүргүзүп жатышат, алар: автоунаа сугаты, арык сугаты жана помпа аркылуу сугат.

Таттыбүбү Турсунбаева,  Тоголок Молдо, Өкмөттүк  скверлери, Шопен, Профсоюз , Жукеев- Пудовкин, Абдымомунов, Манас/Бөкөнбаев, Каралаев, Абдрахманов, Донецкий, 7апрель, Ибраимов жана Фрунзе көчөлөрүндөгү бак-дарактар, көк майсан сугарылды.

Сугат иштерден тышкары чөп чабуу иштери Масалиев, Анкара жана Сухэ-Батор көчөлөрүндө жүргүзүлүп жатат.

“Бишкекжашылчарба” ишканасынын эмгекчил эжелери Байтик Баатыр, Ахунбаев жана Жибек-Жолу менен Жаш Гвардия бульварынын кесилишиндеги гүлзарларды оттоп тазалап жатышат.

Ошондой эле “Кызыл Аскер” каналы кол менен тазаланып,  Л.Толстой көчөсүндөгү жабык дренаждык тармактарды тазалоо иштери жүргүзүлүүдө.