Манас проспектисинде жайгашкан өтмөктөгү жарык диоддук чырактар жаңыланып, жаңы чырактар орнотулду.

Борбор калаадагы электриктер жылуу жана сары  нурлуу  жарык берүүчү, кубаттуулугу 165, 90 Вт болгон  545 жарык диоддук чырактарды алмаштыруу иштерин  жүргүзүштү.  

"Бишкекжарык" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери сырткы жарык берүү тармактарын реконструкциялоо боюнча иштерди аткарышты. Жарыктандырууну жаңыртуу үчүн 48 вт 500 жарык диоддук чырактар  орнотулуп, сырдалып, металл каркастары иретке келтирилди  жана 1400 метр узундуктагы электр чубалгылары алмаштырылды.

Белгилей кетсек, бул чырактар нейтралдуу ак түстүү температурага ээ болгондуктан, айдоочулардын көзүн чарчатпайт.

Урматтуу шаардыктар! Көчөңүздө жарык өчүп калса, ишкананын   тез жардам диспетчердик кызматы ар дайым сиз үчүн иштейт: 0312 463 089, 0312 576 351, WhatsApp: 0777 902 115.