Жаштарды аскердик-патриоттука тарбиялоо жана аскерге чейинки чакырууга даярдоо максатында КРнын Улуттук Гвардиясынын №10628 аскер бөлүгүндө «Эр жигит» спартакиадасынын жана жеңил атлетика боюнча шаардык этабы өткөрүлдү.

Мелдеш Биринчи май райондук билим берүү борбору  жана аскер комиссариаты тарабынан уюштурулуп, спартакиаданын райондук  этабында 1-орунду ээлеген №38, 83, 84, 88-чи  билим берүү уюмдарынын командаларынын  арасында өткөрүлдү.

Билим берүү мекемелеринин  окуучуларынын арасында спорттун аскердик-прикладдык түрү боюнча райондук этапка Бишкек шаарындагы 52 мектептин командалары катышты.

Мелдешке «Пантера» атайын багыттагы бригадасынын офицерлеринин ичинен түзүлгөн калыстар тобу баа берди.

Катышуучулар 7 номинация боюнча ат салышышты:

- күжүрмөн даярдык;
- штангада күч көнүгүүлөр;
- 100 метрге чуркоо;
- автоматты чачып жана жыйноо;
- 1000 метрге чуркоо;
- Ф-1 машыгуу гранатасын 30 метр аралыгына ыргытуу;
- пневматикалык мылтыктан жогорку ылдамдыкта атуу.

Ленин районундагы № 84- орто мектептин командасы эң жогорку упай топтоп, 1-орунду ээледи.

Мелдеш Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 14-февралындагы № 87 “Жаштарды аскерге чакырууга чейинки даярдоо жөнүндө” токтомунун негизинде, “Билим берүү мекемелеринде жаштарды аскерге чакырууга чейинки даярдоо жөнүндөгу”  жобонун, “Кыргыз Республикасында 7-Республикалык Спартакиаданы өткөрүү жөнүндө” жобону аткаруу максатында өткөрүлдү. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабы тарабынан бекитилген билим берүү уюмдарынын окуучуларынын арасында аскердик-прикладдык спорттун түрлөрү, шаардын мэриясынын билим берүү башкармалыгынын буйругу менен бекитилген. Бишкек шаарынын “Билим берүү уюмдарынын студенттеринин арасында аскердик-прикладдык спорт боюнча шаардык спартакиаданы өткөрүү жөнүндөгу” жобосуна ылайык өткөрүлдү.