Теннис, паралимпиадалык жана спорттун күч түрү боюнча олимпиадалык резервдин адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинде ачык эшиктер күнү өттү.
Иш-чараны Бишкек шаарынын вице-мэри Виктория Мозгачева ачты.
Мектепке дүлөй жана угуусу начар балдар үчүн адистештирилген мектеп-интернатынын жана азиз жана көрүүсү начар балдар үчүн атайын мектеп-интернатынын окуучулары келип, өздөрүнүн чыгармачылык өнөрлөрү менен куттукташты.
Мектептин теннис аянтчаларында теннис, стол тенниси, парапауэрлифтинг, параармрестлинг, парадзюдо жана паратаэквондо боюнча мелдештер өттү.
Коноктор үчүн көрсөтмөлүү оюн-зооктор көрсөтүлүп, аларга мектептин алдыңкы спортчулары, Кыргыз Республикасынын курама командаларынын мүчөлөрү, ири эл аралык мелдештердин жана турнирлердин жеңүүчүлөрү жана байге ээлери катышышты.
Иш-чара достук маанайда өтүп, бардык катышуучуларга жагымдуу эмоцияларды тартуулады.
Иш-чаранын негизги максаты - Бишкек шаарындагы балдарды жана өспүрүмдөрдү сергек жашоого, активдүү дене тарбия жана спортко тартуу, спорттун паралимпиадалык түрлөрүн жайылтуу болуп саналат.