Свердлов районунда, МАБнын, РИИБнын, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын, МСЭКБнын өкүлдөрү менен биргеликте диний мекемелердин ишмердүүлүгүн текшерүү боюнча рейддер өткөрүлдү.

Рейддик иш – чаралардын негизги милдети-диний иш-аракеттерди жүргүзүүгө укук белгилөөчү жана уруксат берүүчү документтерди, ошондой эле жалпы санитардык абалды текшерүү.

Медресени текшерүүдө негизги көңүл окуп жаткан балдардын сандык курамына, мугалимдердин сапаттык курамына, ата-энелеринин уруксатынын болушуна, санитардык абалына жана уруксат берүүчү документтерге бурулду.

Рейддик иш-чаралардын жыйынтыгы боюнча 23 акт жана 14 протокол түзүлүп, жалпы суммасы 82 миң сом түздү.

Ошондой эле текшерүү учурунда медреседе мыйзамдуу өкүлдөрүнүн макулдугусуз жашы жете элек 4 бала аныкталды, алар Свердлов районунун СӨБ ҮБКБ кызматкерлерине андан ары иштөө үчүн өткөрүлүп берилди.