Жазгы спартакиада программасынын алкагында балдар жана өспүрүмдөр арасында мелдештер өткөрүлдү.

Олимпиаданын максаты - балдарды активдүү жана сергек жашоого чакыруу, таланттуу балдарды аныктоо жана Кыргыз Республикасынын Президентинин “Инсанды руханий-адептик өнүктүрүү жана дене тарбия концепциясын бекитүү тууралуу” жарлыгын ишке ашыруу.

Спартакиада 3 этапта өттү: кичирайондордо жана жаңы конуштарда, райондук мелдештер жана шаардык финал.

Катышуучулар спорттун 5 түрү боюнча: эстафеталык жарыш, кичи пионердик топ, кичи футбол жана дартс боюнча күч сынашты.

Мелдештин жыйынтыгы боюнча эстафетада жеңүүчү деп табылгандар:

1 -орун - Октябрь району;
2 -орун – Биринчи май району;
3- орун - Ленин району.
Дартс боюнча:
1 -орун - Октябрь району;
2 -орун - Свердлов району;
3- орун - Свердлов районунун 2-тайпасы.
Пионердик топто жеңүүчүлөр:
1 -орун - Свердлов району;
2 -орун - Октябрь району;
3 -орун - Свердлов районунун 2-тайпасы.
Кичи футбол боюнча байгелүү орундарга ээ болушту:
1 -орун - Ленин району;
2- орун – Биринчи май району;
3- орун – Биринчи май району.
Аркан тартыш боюнча:
1- орун - Ленин району;
2- орун - Свердлов району;
3- орун - Свердлов районунун 2-тайпасы.
Мелдештерге бардык спорт инструкторлору активдүү катышып, ар бир мелдеш дарыгерлердин, машыктыруучулардын тыкыр көзөмөлүндө өттү.

Бардык жеңүүчүлөр баалуу белектер, кубок жана медалдар менен сыйланышты.