Бишкек шаарынын жаңы конуштарында мектептердин курулушу кызуу уланууда.

Тагай-Бий көчөсүн бойлой жайгашкан Ак-Ордо конушундагы мектеп 750 окуучуга ылайыкталган. Азыркы убакта объектте жыйындар залынын таяныч дубалын жана экинчи блоктун бетон негизин куруу иштери уланууда.

Ошондой эле Ак-Босого конушундагы долбоордук кубаттуулугу 660 орундуу жалпы билим берүүчү  мектептин курулушу да кызуу жүрүп жатат.
Учурда мектептин аймагын кургатуу үчүн дренаждык тармактар курулуп,  имараттын жер астындагы топурагын (котлован) казуу иштери башталды.

Көлмө конушунун аймагында дагы 380 орундуу жалпы билим берүү мектебинин курулушу жүрүп жатат. Бүгүнкү күндө имараттын жер астындагы топурагын (котлован) казуу иштери аяктап, кайра кум-шагыл менен толтуруу иштери башталды.