Капиталдык курулуш башкармалыгынан билдиришкендей, И.В. Панфилов атындагы №6 автордук окуу комплекси мектеп-гимназиясында кошумча имарат куруу иштери жүрүп жатат.

Жаңы курулуштун ордунда ийрим сабактары өтүүчү эскилиги жеткен имарат болгон. Анын ордуна 2040 м2 заманбап имарат курулат, анда кенен спорт зал жана жыйындар жайы жайгашат.

Учурда подрядчы уюм тарабынан котлован  жана пайдубалдын негизин орнотуу иштери жүргүзүлүүдө.

Ишти республикалык бюджеттин эсебинен подряддык уюм – «Капитал-Курулуш» ЖЧКсы аткарууда.

Белгилей кетсек, азыркы залдар окуучулардын санына туура келбейт.