Свердлов районунун акимиаты көрктөндүрүү эрежелерин сактоо боюнча күчөтүлгөн иштерди улантууда.

Шаардын архитектуралык-көркөм жана эстетикалык көрүнүшүн жакшыртуу максатында имараттардын фасаддарында көрнөктөрдү жана жарнамалык жазууларды жасалгалоонун бирдиктүү стили бекитилген.

Муниципалдык администрациянын жана демөөрчүлөрдүн аракеттери менен Ю.Абдрахманов көчөсүндөгү № 105/1, 105/2 жана 105/3 үйдүн фасадынын архитектуралык көрүнүшүн калыбына келтирүү жана жакшыртуу боюнча иштер башталды.

Иш үч этапта жүргүзүлөт:

- жаракаларды, бетон сыныктарын алуу;
- атайын топурак  аралашмасы менен жарака, сыныктарды бүтөө;
- эки сыйра сырдоо.
Учурда аталган жумуштарды «SANANGEL» өндүрүш компаниясы жүргүзүүдө.