Капиталдык курулуш башкармалыгынын маалыматы боюнча, жалпы аянты 5607 м2 түзгөн, 550 орундуу №75 мектептин курулушу уланууда.

Учурда подрядчы уюм тарабынан дренаждык иштер бүткөрүлүп, бетон негизин жана платформаны куюу иштери аяктады. Учурда таяныч дубалдарды жана блокторду жабуу иштери жүрүп жатат.

№75 мектеп-лицейи 1960-жылы курулган.

Мектеп авариялык абалда болгондуктан, жаңы окуу корпусун куруу пландалган. Жаңы имаратта жыйын жайы, хореографиялык, концерттик, спорт залдары, китепкана жана ашкана болот.

Мындан тышкары долбоордо газ отканасын куруу каралган.

Жер тилкесинин аянты 1,08 га. Ишти подряддык уюм – «Эталон Вин Спец Строй» ЖЧКсы жүргүзүүдө.