ЖРТнын биринчи этабы 24 жана 25-майда Свердлов районунун мектептеринин базасында өткөрүлдү: №4 МГ, №38 ОТК, №45 орто мектеп, №65 ЭЭЛ, №66 ОТК,  №94 орто мектеп;

- Ленин району боюнча: № 9 ОТК, № 13 МГ, № 31 МГ, № 68 ОТК МГ, № 72 МГ, № 84, № 93, № 96 орто мектептеринин базасында.

ЖРТнын экинчи этабы 27, 28-майда Октябрь районунда №3, №26 ГК, №39, ОТК, №62, №63 мектеп гимназияларында жана  №64, №88 орто мектептеринде өткөрүлөт;

- Биринчи май району боюнча №6 АОТК, №27 орто мектеп, №28МЛ, №29 ОТК МГ, №24 МГ, №69 ОТКГ  базасында өтөт.

Жалпы республикалык тестирлөөгө 47 миң 468 бүтүрүүчү катталган.

Белгилей кетсек, 24, 25-июнда ЖРТ (үчүнчү этап) жүйөлүү себептер менен тестирлөөдөн өтпөй калган абитуриенттер үчүн кошумча тизме боюнча өткөрүлөт.

Бишкек шаарынын мэриясы бардык бүтүрүүчүлөргө жалпы республикалык тестирлөөдөн ийгиликтүү өтүп, каалаган ЖОЖго тапшырууну чын жүрөктөн каалайт.