Борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров шаардык кызматтардын, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын  ПМББ жана Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын жетекчилери менен калаанын жолдорундагы тыгындарды азайтуу маселеси боюнча кеңешме өткөрдү.

Жыйындын жүрүшүндө калаа башчысы Транспорт жана жол-транспорттук  инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментине  көйгөйдү  чечүүнүн комплекстүү иш-планын талдап, иштеп чыгууну, Бишкек шаарынын ПМББ менен биргеликте биринчи пилоттук көчөлөр боюнча сунуштарды киргизүүнү тапшырды.

Ошондой эле кошумча унаа токтотуучу жайларды жайгаштыруу үчүн шаардын жолдорун изилдөө керек.

Эмилбек Абдыкадыров белгилегендей, бул чаралар шаардыктарга ыңгайлуу шарттарды түзүү жана борбордун экологиясын жакшыртуу максатында көрүлүп жатат, анткени унаа тыгындары зыяндуу заттардын атмосферага көбөйгөн көлөмдө чыгышына алып келүүдө.