Борбор калаанын мэриясы «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча түшүндүрмө берет.

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, борбор калаанын мэриясы “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүнүн айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун коомдук талкууга алып чыкты.

Мыйзам долбоорунун максаты: “Борбордун статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын Кыргыз Республикасынын Конституциясына, жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү колдонулган мыйзамдарга ылайык келтирүү, ошондой эле орун алган боштуктарды жана келишпестиктерди жоюу.

Эске салсак, 2021-жылдын октябрь айында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин уюштуруунун тартибин, алардын милдеттерин, функцияларын жана ыйгарым укуктарын жөнгө салган «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы күчүнө кирген.

Тактап айтканда, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамга жергиликтүү кеңештердин жана алардын туруктуу комиссияларынын, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын жетекчилеринин (мэрлеринин) ыйгарым укуктарын жана компетенцияларын жөнгө салуунун дагы бир механизми киргизилди.

Мындан тышкары, аткаруу бийлигинин органынын жетекчисин дайындоо жана ишеним көрсөтпөө тартиби, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын түзүмүн бекитүү тартиби белгиленет.

Мыйзам долбоорунда колдонуудагы “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамдын нормаларына ылайык келбеген ченемдер алынып салынды.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, кандай гана мыйзам долбоору болбосун коомдук талкуулоо, кызыкдар тараптар менен макулдашуу жол-жоболорунан өтүүгө тийиш. Долбоордун негиздеме күбөлүгү сөзсүз түрдө долбоорду жактыруунун натыйжаларын, ошондой эле келип түшкөн сын-пикирлерди жана сунуштарды эсепке алуу же негиздүү эсепке албоо жөнүндө маалыматтарды чагылдырууга тийиш. Мына ушул процедуралардын бардыгынан кийин гана долбоор Министрлер Кабинети тарабынан Жогорку Кеңештин кароосуна киргизилет.

Ушуга байланыштуу кырдаалга объективдүү баа берип, жарандарды адаштырбоону суранабыз.