Ак-Ордо конушундагы Тагай-Бий менен Садыр-Аке көчөлөрүнүн кесилишиндеги мектептин курулушун улантышууда.

Азыркы убакта куруучулар жыйын-залдын таяныч дубалын жана экинчи блоктун бетон негизин куруу иштерин жүргүзүп жатышат.

Белгилей кетсек, 5766 чарчы метр аянтты ээлеген жаңы окуу жайы 750 орунга ылайыкталган.

Ошондой эле, жумуштардын сметалык наркына имаратты бүтүрүү, тышкы инженердик тармактарды куруу жана көрктөндүрүү иштери да кирген.