Капиталдык курулуш башкармалыгынын маалыматы боюнча, "Жал-29" кичи районунда бала бакчанын курулуш иштери уланууда.

Азыркы учурда, фундаментти толтуруу иштери менен катар көрктөндүрүү иштери да жүрүп жатат. Бир жума ичинде тыгыздоо иштери аяктайт.

Окуу жылы башталганга чейинки мөөнөттө иштөө үчүн тармактык график түзүлүп, куруучулар 2 смена болуп, 15 жумушчудан иштешүүдө. Башкармалык тарабынан бекитилген иш графиктин сакталышы боюнча катуу көзөмөл жүргүзүлүүдө.

Тармактык график-иштин комплексин аткаруунун технологиялык көз карандылыгын жана ырааттуулугун чагылдырган өндүрүш процессинин динамикалык модели.

Борбор калаанын мэриясы шаардыктардан курулуш иштерине түшүнүү менен мамиле кылууну суранат.