Жыл сайын 14-июнда бүткүл дүйнөлүк кан донорлорунун күнү белгиленет.

Бул жылы Кыргыз Республикасы "Кан тапшыруу-бул тилектештик, донор болуп өмүрдү сактап кал" ураан алдында иш алып барат.

Октябрь администрациясынын кызматкерлери бүткүл дүйнөлүк кан донорунун күнүнө карата Республикалык кан борбору, КР УОКП тарабынан уюштурулган жана Бишкек шаарынын мэриясынын колдоосу менен донордук канды чогултуу боюнча масштабдуу акцияга катышты.

Акциянын максаты-калктын коопсуз канга жана анын компоненттерине болгон муктаждыгы жөнүндө маалымдуулугун жогорулатуу, кандын керектүү запасы үзгүлтүксүз, ыктыярдуу жана акысыз донорлуктун аркасында гана камсыз болот.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун сунуштарына ылайык, донордук кандын минималдуу-оптималдуу көлөмүн камсыз кылуу үчүн 1 миң калкка 40 донорго чейин туура келиши керек, ал эми Кыргызстанда болгону 5,5 донор бар.

Бардык шаар тургундарын  бул акцияга активдүү катышууга чакырабыз!!!