Биринчи май райондук администрациясында билим берүү борборунун, ҮМБнын, психологдордун жана социалдык кызматкерлердин, жашы жете электердин иштери боюнча инспекторлордун, «SOS Балдар айылы», «Элим барсыңбы» КФ, “Альтернатива" үй-бүлөнү калыбына келтирүү борборунун катышуусунда балдар иштери боюнча комиссиясынын пландык отуруму өттү.

Отурумда  негизинен социалдык жардам көрсөтүлгөндөн кийин үй-бүлөнү каттоодон чыгаруу, балдарды реабилитациялык борборлорго алып коюу же жайгаштыруу боюнча 18 материал каралган. Ошондой эле үй-бүлө менен жекече иштөөнүн пландары жана баланы коргоо, үй-бүлөлүк зомбулук, балдар арасындагы укук бузуулар, жалпы билим берүү мекемелерине жайгаштыруу боюнча жеке пландар бекитилди.

Психологиялык жардамга муктаж жашы жете элек өспүрүмдөр Балдарга жардам берүү борборунун адистеринин консультациясына жөнөтүлдү.

Урматтуу шаардыктар! Эгерде сиз балдарга карата зордук-зомбулук мамилелерге күбө болсоңуз, райондордун балдарды жана үй бүлөнү колдоо бөлүмүнүн тынымсыз телефонуна кайрылыңыз:

- Биринчи май району: 0(312) 67-03-86;
- Ленин району: 0(312) 88-38-99;
- Свердлов району: 0(312) 53-05-76;
- Октябрь району: 0(312) 51-03-75.
Балдарга жардам борбору: 0(312) 54-29-34, 44-25-10, 44-25-74, (0555) 69-13-12.
Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин ишеним телефону: 111.