Биринчи май акимчилигинде бир жолку материалдык жардам көрсөтүү маселелери боюнча комиссиянын кезектеги отуруму өттү.

Комиссиянын кароосуна район тургундардын  17 арызы, негизинен медициналык жардам көрсөтүү, тамак-аш, биринчи кезекте керектелүүчү буюмдарды сатып алуу жана калкты тейлөөгө акы төлөө боюнча кайрылуулар түшкөн.

Белгилей кетсек, бир жолку материалдык жардам үй-бүлөгө жылына бир жолу арыз ээсинин жашоо шартын текшерүү актысына жана муктаждык даражасын тастыктаган документтерге ылайык берилет. Паспорт, үй-бүлөнүн курамы, кирешеси, окуусу тууралуу маалымкат, ошондой эле дарыланууга, дары-дармектерге, операцияга кеткен чыгымдары  жана коммуналдык кызматтарга, газ менен камсыздоого жана электр энергиясына төлөө боюнча карызы бар экендигин тастыктаган документтерди көрсөтүү зарыл.

Комиссия Бишкек шаарынын мэринин же вице-мэринин, Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын же анын орун басарынын, ошондой эле райондук администрациялардын башчыларынын же алардын орун басарларынын дарегине жазылган арыздарды карайт.