Медицина кызматкеринин күнүн утурлай Биринчи май районунун №3 ҮМБда кызматкерлер үчүн ден соолукту чыңдоо бөлмөсү ачылды.

Аталган жайга акимдин орун басары Аида Рысбаева келди.  Бош убактыларында дене бойду жазып, машыгып алса болот, бул үчүн керектүү тренажерлор жана спорттук шаймандар бар.

Белгилей кетсек, санариптештирүүнү киргизүүнүн башталышында медицина кызматкерлеринин мойнуна көптөгөн кошумча милдеттер жүктөлгөн, компьютерде көп иштегендиктен,  бул режими көбүнчө кыймылсыздыкты, невроздорду, салмак кошууну пайда кылат. Андыктан жарандардын гана эмес, ар бир дарыгердин ден соолугун сактоо абдан маанилүү.

Маалымдама: “Кыргызстандын медицина кызматкерлеринин күнү” июль айынын биринчи жекшембисинде белгиленет. Быйыл бул күн  3-июль туш болот.