Борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров Швейцария Конфедерациясынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Оливье Бангертер мырза менен жолукту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүнү талкуулашты. Борбор калаанын мэри Бишкек шаарынын мэриясынын Швейцария менен кызматташуусу КРнын Өкмөтүнүн ортосундагы Кредиттик макулдашууга ылайык «Бишкек шаарынын суу менен камсыздоо жана канализация тутумун реабилитациялоо» (II фаза) долбоорунун жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен  Швейцария Конфедерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Гранттык макулдашуунун алкагында ишке ашырылып жатканын баса белгиледи.

Өз кезегинде Элчи мэрге швейцариялык тарап тарабынан каржыланып, борбор калаанын  конуштарында ишке ашырыла турган Бишкек жана Ош шаарларындагы жаңы конуштарды
жакшыртуу  «Аракет» долбоорунун багыттары тууралуу маалымат берди.

Долбоордун максаты -  конуштарда жашаган адамдарга жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүү, калктын аярлуу катмарын азайтуу  жана укуктарын бекемдөө болуп саналат.