Биринчи май районунун акими Максатбек Сазыкулов көчмө жыйын өткөрдү.

Жыйында Лев Толстой көчөсүндөгү №2а дарегиндеги көп кабаттуу үйдүн аймагындагы соода күркөлөрүн жана кампаларын алуу, аймакты көрктөндүрүү маселелери талкууланды.

Жыйынтыгында жетекчи администрациянын ыйгарым укуктарынын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын  чегинде бир жумалык мөөнөттө турак жайдын фасадынан иштебей турган кабелдик тармактарды демонтаждоо мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну, кампалардын  укук белгилөөчү документтерин изилдөөнү, күркөлөрдүн ээси менен жер участогун ижарага алуу келишимин бузууну, куурап калган бак-дарактарды жана жашыл көчөттөрдү санитардык кыюу иштерин жүргүзүүнү, жанаша жайгашкан аймакка ирригация орнотууну менен жашыл зонаны түзүүнү тапшырды.

Жер-жерлерде текшерүүлөр уланууда.