Борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров Иран Ислам Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Саид Харази мырза менен жолукту.

Жолугушууда тараптар биргелешкен кызматташуу маселелерин талкуулап, Бишкек менен Тегеран шаарларынын бир тууган шаар мамилелеринин түзүлгөндүгүнүн мааракеси менен куттукташты.

Маалымдама: Бишкек менен Тегеран 1994-жылдын 23-майында Боордош шаарлардын мамилелерин түзүү жөнүндө келишимге кол коюшкан. Бул окуяга быйыл 28 жыл болду.