“Мурас-Ордо” жаңы конушунда көчмө жыйын өттү.

Комиссиянын курамына Биринчи май районунун акиминин орун басары Чыңгыз Байсов, Аламүдүн районунун акиминин орун басары Бактыбек Абугулов,  “Бишкекбашкыархитектура” ММ, “Кадастр”  мамлекеттик мекемесинин, Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык инспекциясынын, жеке турак жай курулуш департаментинин, Биринчи май РИИБнин, №16 МАБ өкүлдөрү кирип, Мурас-Ордо конушунун жер тилкелериндеги курулуштардын мыйзамдуулугуна байланышкан маселелерди карашты.

Көчмө жыйындын  жүрүшүндө талаштуу тилкелердин менчиги жана курулган турак-жай курулушунун мыйзамдуулугу, ошондой эле турак жай аймагынын жана Аламүдүн районунун чек арасын аныктоо маселелери талкууланды.

Жолугушууда тургундар Мурас-Ордо жаңы конушунун кире беришине стелла орнотууну суранышты.

Жыйынтыгында  «Мурас-Ордо» жаңы конушундагы стелла куруунун долбоорун иштеп чыгуу тапшырылды. Ошондой эле, көрктөндүрүү жана жер пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча муниципалдык инспекциясына объекттердеги бардык курулуш иштерин көзөмөлгө алуу жана укук белгилөөчү документтердин мыйзамдуулугу аныкталганга чейин  курулуш иштерин токтотуу, өзгөчө корголуучу аймактагы мыйзамсыз курулуштарды демонтаждоо, дренаж тармактары үчүн жер тилкелерин бошотуу процессин көзөмөлгө алуу тапшырмасы берилди.

Белгилей кетсек, мыйзамсыз курулуштар аныкталса, бардык объектилер түрттүрүлөт.