Бишкек шаарынын мэриясынын Мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмү борбор калаанын муниципалдык мекеме-ишканаларындагы кадр бөлүмдөрүнүн кызматкерлерине жана пресс-кызматчыларына “Кыргыз тилинде сабаттуу жазуунун теориялык жана практикалык маселелери” деген аталыштагы окуу курсун өткөрдү.

Окуу курсун филология илимдеринин доктору, педагогика илимдеринин кандидаты Үмүт Култаева Биринчи май муниципалдык администрациясынын жыйын жайында өткөрдү.