Транспорт жана жол-транспорттук  инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин маалыматы боюнча, 16-июндан баштап Мессарош көчөсү капиталдык оңдоодон кийин унаа кыймылы үчүн ачылды.

Эми айдоочулар жана жарандар туурасы 9 метр болгон дагы бир жаңыланган көчө менен жүрө алышат, ал эми жолдун эки тарабында жөө жүргүнчүлөр  үчүн туурасы 1,5 - 2,5 метр тротуар курулду.

Жол куруу иштери ирригациялык тармактарды жаңылоону эске алуу менен жүргүзүлүп, жолдун эки тарабына ирригация орнотулуп, эки катмарлуу асфальт-бетон төшөлдү.

Жолдун жалпы узундугу 654 метрди түзөт.

Белгилей кетсек, түзүмдүк бөлүмдөр менен биргеликте оңдоо иштерин жүргүзүүгө тоскоол болгон 14 капиталдык имараттар жана тосмолор бузулду.

Иштерди подрядчы – «China Road and Bridge Corporation» компаниясы «Бишкек шаарынын жол тармагын өнүктүрүү» долбоорунун алкагында жана Кытай Эл Республикасынын гранттык каражаттарынын эсебинен жүргүзүүдө.