Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы жана Коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан жаңы мектеп жана бала бакчаларды куруу, ошондой эле капиталдык оңдоого муктаж мектептерди оңдоп  түзөө жана кошумча имараттарды куруу иштери кызуу жүрүп жатат.

Бүгүнкү күндө республикалык бюджеттен төмөнкү мектептерде курулуш иштери жүргүзүлүүдө.

№ 75 орто жалпы билим берүү мектеп-лицейи

№ 75 орто жалпы билим берүү мектеп-лицейи 550 окуучулук орунга эсептелген, жалпы аянты – 5 607 чарчы метр. Окуучулук класстар менен бирге мектептин имаратында өзүнчө блокко бөлүнгөн эки кабаттуу музыкалык класс да каралган. Музыкалык класстын жалпы аянты 424,18 чарчы метрди түзөт. Ошондой эле мектептин аянтында газ откана куруу пландалууда. Учурда азыркы турган имаратты бузуу жумуштары аяктап, котлован казылды, темир бетон плиталары (пайдубалы) тургузулду. Азыркы учурда пайдубалды гидроизоляциялоо, пайдубалды тыгыздоо менен кайрадан толтуруу, рамаларды (колонналарды) орнотуу боюнча жумуштар жүргүзүлүп жатат.

Курулуш иштерин «Эталон Вин Спец Строй» ЖЧК подряддык уюму жүргүзүүдө.

№ 20 мектепке кошумча имараттын курулушу уланууда.  Корпус 500 окуучулук орунга эсептелип, имараттын конструкциясы – 3 кабаттуу болот. Жалпы аянты – 5 035 чарчы метрди түзөт. Окуу корпусу спорттук аянт (футбол, волейбол, баскетбол, воркаут ж.б.) менен долбоорлонгон. Азыркы учурда котлованды орнотуу, пайдубалдын негизин орнотуу, пайдубалды орнотуу, пайдубалды гидроизоляциялоо, котлованды кайра толтуруу жумуштары аяктады. Электр менен жабдуунун тышкы тармактарын орнотуу үчүн транашеяны казуу, рамаларды орнотуу (1-кабаттын колонна жана ригелдери), сактоо дубалын орнотуу жумуштары жүргүзүлүп жатат.

Курулуш иштерин «Авангард Стиль» ЖЧК подряддык уюму жүргүзүүдө.

№ 40 орто жалпы билим берүү мектебине кошумча окуу корпусу курулууда. Корпус 500 окуучулук орунга эсептелген. Имараттын конструкциясы – 3 кабаттуу, жалпы аянты – 4 137 чарчы метр. Окуу корпус спорттук аянты (футбол, волейбол, баскетбол, воркаут ж.б.) менен долбоорлонгон.

Учурда 4 блоктун котловандарын, бетон астына коюлмаларды, пайдубал астындагы бетондук тумбаларды, суу өткөргүчтүн жана канализациянын тышкы тармактарын орнотуу, сактоо дубалдарын орнотуу жумуштары аяктады. Котлованды кайра толтуруу, газ отказаны үчүн котлован казуу жана электр жабдуусу боюнча тышкы тармактарды төшөө үчүн траншеяларды иштеп чыгуу, фундаментти кайра толтуруу, рамаларды орнотуу (1-кабаттын колонна жана ригельдери) боюнча жумуштар жүргүзүлүп жатат.

Курулуш иштерин «СК Лидер Хауз» ЖЧК подряддык уюму  аткарууда.

№6 мектеп-гимназиясы автордук окуу-тарбия комплекси

№ 6 АОТК аймагында спорт жана жыйындар залы менен окуу корпусу 3 кабаттан турат, долбоорлонгон корпустун жалпы аянты – 2 040,1 чарчы метр, мектептин кубаттуулугу 620 окуучулук орунга эсептелген, иш жүзүндөгү кубаттуулугу– 2 150 окуучулук орундуу. Корпустун имаратында спорт, жыйындар залы, бий залдары жана китепкана каралган.

Курулуш иштерин «Капитал Курулуш» ЖЧК подряддык уюму жүргүзүүдө.

Котлованды казуу жана пайдубалдык негиздерин орнотуу, сактоо дубалынын жана пайдубалга колонна негиздерине бетон куюу боюнча жумуштар аяктап, учурда пайдубалды кайра толтуруу, жер таманды орнотуу – 3,300 мм белгилөө менен, рамаларды орнотуу (жертөлө кабатынын колонна жана ригелдери) иштери жүргүзүлүп жатат.

№35 орто жалпы билим берүү мектеби

№35 орто жалпы билим берүү мектебине спорт зал курулууда.  Долбоорлонгон имараттын жалпы аянты 933 чачы метрди түзүп,  спорт зал эки блоктон: спорт зал менен жанаша жайгашкан жай жана азыркы турган мектеп менен долбоорлонгон объектти бириктирүүчү жалпы тамбурдан турат.  Котлованды орнотуу, пайдубалдын негизин куюу, пайдубалды орнотуу, пайдубалды гидроизоляциялоо, котлованды кайра толтуруу иштери аяктады. Бүгүнкү күндө колонна рамаларын орнотуу иштери жүргүзүлүп жатат.

Курулуш иштери үчүн  «Капитал Курулуш» ЖЧК подряддык уюму менен келишим түзүлгөн.

№ 76 орто мектептин конструкцияларын бекемдөө менен реконструкциялоо уланууда. Мектеп 360 окуучулук орунга эсептелген.
Имараттын конструкциясы – 2 кабаттуу, жалпы аянты – 2341 чарчы метр.

Азыркы учурда 1-2-кабатты демонтаждоо, пайдубалды бекемдөө, 1-кабаттын жер таманын тегиздөө боюнча жумуштар аяктап. Азыркы учурда тосмолорду орнотуу, класстарда кыш кыноо, дубалды торкет жүргүзүүгө даярдоо, чатырдын фермаларын жасоо, сейсмопоястын бетонун куюу  боюнча жумуштар жүргүзүлүп жатат. Курулуш иштерин  «Арай» ЖЧК подряддык уюму жүргүзүүдө.

№ 10 орто мектептин имаратын капиталдык оңдоо жана бекемдөө иштери кызуу жүргүзүлүүдө. Долбоордук кубаттуулугу – 380 окуучулук орун, жалпы аянты – 2369 чарчы метрди түзөт. Учурда дубалга торкет жүргүзүү боюнча жумуштар, терезелерди бекемдөө, бетон куюу (сейсмопояс) жумуштары аяктады. Ошондой эле пайдубалды бекемдөө, тосмолорду орнотуу жумуштары, спорт залдын дубалына торкет жүргүзүү, чатырды орнотуу, шыбак жумуштары (2 блокто) жүргүзүлүп жатат.
Жумушту  «Аргын Курулуш» ЖЧК подряддык уюму алып барууда.

№ 73 орто жалпы билим берүү мектебинин аймагында 3 кабаттуу окуу корпусу  525 окуучулук орунга эсептелген. Имараттын конструкциясы – 3 кабаттуу, жалпы аянты – 4 652,3 чарчы метрди түзөт.

Окуу корпусу негизги жана жардамчы жайлардын бардык топтому (окуу класстары, ашкана, жыйындар залы, артисттик-костюм алмаштыруу жайы, кампа, санитардык бөлмө, спорт зал, медициналык кабинет, процедуралык бөлмө, лаборатория ж.б.) менен долбоорлонду. Курулуш иштерин «Адис строй» ДКБ» ЖЧК подряддык уюму алып барып, котлован, бетон астына коюлмаларды, темир бетондук пайдубал орнотуу жана тышкы электр жабдуу тармактарын төшөө боюнча жумуштарды аяктады.

Азыркы учурда тасма түрүндөгү пайдубалды орнотуу, электр менен жабдуунун тышкы тармактарын орнотуу, пайдубалды кайра толтуруу иштери башталды жана тышкы даараткананы куруу, суу түтүгү жана канализациянын тышкы тармактарын орнотуу жумуштар жүргүзүлүп жатат.

«Алтын-Ордо» конушунда жалпы билим берүү мектеби 480 окуучулук орунга эсептелген. Имараттын конструкциясы – 3 кабаттуу, жалпы аянты – 3 521 чарчы метрди түзөт. Окуу корпусу негизги жана жардамчы жайлардын бардык топтому (окуу класстары, ашкана, жыйындар залы, санитардык бөлмө, спорт зал ж.б.) менен долбоорлонду. Азыркы учурда 1 жана 3-блоктун чатыры коюлууга даярдалып жатат. Ошондой эле короо-жайдын пайдубалын куруу иштери жүргүзүлүүдө. Курулуш иштери үчүн «Ак-Бата» ЖЧК подряддык уюму менен келишим түзүлгөн.

«Мурас-Ордо» конушунда жалпы билим берүү мектеби 660 окуучулук орунга ылайыкталган. Имарат 2 кабаттуу жер төлө кабаты менен болот. Жалпы аянты – 8 666,94 чарчы метрди түзөт. Бүгүнкү күндө радиофикация жана вентиляция орнотуу, бардык 3 блоктун дубалдарын ички жана сырткы жасалгалоо жумуштары жүрүп жатат. Терезелерди  орнотуу иштери аяктоо учурунда. Курулуш иштерин  «Ясин-Курулуш» ЖЧК подряддык уюму жүргүзүүдө.

«Ак-Бата» конушунда орто билим берүү мектебине кошумча имарат 1 кабаттуу болуп курулат. Анын жалпы аянты 651,71 чарчы метрди түзөт. Курулуш кошумча жайлардан (спорт зал, мугалимдер кабинети, китепкана) турат. Учурда объектиде ички дубалдардын пайдубалы жана чатырдын темир фермалары жасалууда. Ошондой эле сырткы дубалдарын кирпич менен толтуруу жумуштары аяктады. Курулуш иштерин «Сапат Пром» ЖЧК подряддык уюму аткарууда.

«Рухий-Мурас» конушунда жалпы билим берүү мектеби 700 окуучулук орунга эсептелип,  3 кабаттан турат, анын жалпы аянты  5 519,0 чарчы метр.  Азыркы учурда мектептин жер астындагы кабаты толук бүткөрүлүп, үстүн жабуу иштери аткарылууда. Ошону менен катар отказандын жана сырткы даараткананын аңдарын казуу иштери жүрүп жатат. «Рамзан» ЖЧК подряддык уюму курулуш иштерин жүргүзүүдө.

«Ак-Ордо» конушундагы жалпы билим берүү мектеби  750 окуучулук орунга ылайыкташтырылган, имарат 3 кабаттан турат, аянты 5 766,0 чарчы метр.  «Фиеста Трейд Ком» ЖЧК подряддык уюму тарабынан 1- блоктун жана конференц-залдын цоколдук кабатынын үстүн жабуу боюнча монолиттик жумуштар жүргүзүлүп жатат. Ошондой эле 2-блоктун жана спортзалдын темир-бетон колоннасын куюу иштери жүрүүдө.

«Ак-Босого» конушундагы жалпы билим берүү  мектеби 660 окуучулук орунга эсептелген.  2 кабаттуу, жалпы аянты – 5 022 чарчы метрди түзөт. Азыркы учурда котлованды казуу жана дренажды куруу боюнча жумуштар жүргүзүлүп жатат.  Ошону менен катар жер астындагы сууну кетирүү иштери дагы уланууда. Курулуш иштери үчүн «Эталон Вин Спец Строй» ЖЧК подряддык уюму менен келишим түзүлгөн.

«Көлмө» конушунда жалпы билим берүү мектеби 380 окуучулук орунга эсептелген. Имарат  2 кабаттуу, жалпы аянты – 2 309 чарчы метр. Азыркы учурда курулуштун негизин салуу үчүн казылган чуңкурду таптап, толтуруу иштери аяктап, пайдубалын куюу иштери жүрүүдө. Андан сырткары сырткы даараткананы жана откананы куруу иштери жүргүзүлүп жатат.  Курулуш иштерин «Капитал Билдинг ЛТД» ЖЧК подряддык уюму жүргүзүүдө.

Ошол эле учурда борбор калаада мектепке чейинки билим берүү уюмдарын куруу иштери да жүргүзүлүүдө.

Капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан «Жал-29» кичи районунда жаңы бала бакчанын курулуш иштери жүргүзүлүп,  котлованды орнотуу, сактоо дубалдарынын жана пайдубалдын колонна негиздерине  бетон куюу, котлованды кайрадан толтуруу, от казан үчүн пайдубалды орнотуу иштери аяктады. Учурда колонналарды жана монолиттүү кошууларды жалгоо, тышкы дубалдарга кыш кыноо боюнча жумуштар жүргүзүлүүдө. Жаңы бала бакча 140 орунга эсептелген. Имарат  2 кабаттан турат, жалпы аянты 1484 чарчы метрди түзөт. Бала бакчаны куруу үчүн  «Улар-Транс» ЖЧК подряддык уюму менен келишим түзүлгөн.

Коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан жаңы конуштарда жаңы бала бакчаларды куруу иштери жүргүзүлүүдө. Учурда Арча-Бешик, Ак-Ордо, Кара-Жыгч, Дордой жана Келечек конуштарында мектепке чейинки билим берүү уюмдарын куруу улантылууда.

Кара-Жыгач

Арча-Бешик

Дордой

Ак-Ордо

Келечек