Борбор калаанын жалпы билим берүү уюмдарында мектеп лагерлеринин салтанаттуу ачылышы болду.

Балдар үчүн концерттик программа, интеллектуалдык жана кызыктуу оюндар, спорттук мелдештер, куурчактардын жана клоундардын шоу программалары менен майрамдык программа даярдалды.

Бишкек шаарынын вице-мэри Виктория Мозгачева, ошондой эле балдардын ата-энелери №39 мектеп-гимназиясынын жана 85-орто мектептин мектеп лагеринин салтанаттуу ачылышына катышты.

Бишкек шаарынын мэриясынын билим берүү башкармалыгы тарабынан 46 мектепте  күндүзгү лагерлер  уюштурулду. Эс алуу шаардын 38 мектебинде 4470 окуучуну тамак менен камсыздайт. Мектеп лагерлери 2022-жылдын 13-июнунан 8-июлуна чейин иштейт.