Биринчи май районунун акими Максатбек Сазыкулов көчөлөрдү кыдырып, жергиликтүү аймактык башкармалыктын иши менен таанышты.

Максатбек Сазыкулов Малдыбаев көчөсүндөгү №16 даректе көп кабаттуу үйдүн жанаша жайгашкан аймагын көрктөндүрүү маселесин талкуулап, анын жыйынтыгында жергиликтүү тургундарга дем берүүчү гранттарды алуу сунушталды.

Андан ары райондун акими «Космос» дүкөнүнүн аймагына барып, жер тилкесин мыйзамдаштыруу жана ижара мөөнөтүн узартуу боюнча документтерди иликтеп чыгууну тапшырды.

Ошону менен бирге мыйзамсыз соода менен күрөшүү жана Панфилов №2 дарегине балдар аянтчасын орнотуу боюнча суроолор берилди. Андан соң Ч.Айтматов проспектиси №62 жана  Чуйков көчөсү 82 даректеринде турак жайлардын кошумча курулушунун мыйзамдуулугу жана Панфилов №145 дарегине гүл бакча уюштуруу боюнча бир нече маселелер көтөрүлдү.

Жеринде кыдыруулар уланууда.

Урматтуу шаардыктар! Шаар турмушуна байланышкан бардык суроолор боюнча 1840, 1850 колл-борборунун кыска номурларына чалып, фото жана видеолорду WhatsApp: 0554 182185 номерине жөнөтсөңүз болот.