16-июнда Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук  инфратүзүмдү  өнүктүрүү департаментинде борбор калаанын мэриясы менен «Белес Кей Жи» ЖЧКсынын ортосунда кызматташуу боюнча меморандумга салтанаттуу кол коюу аземи болуп өттү.

Меморандумга департаменттин директору Максат Нусувалиев менен «Белес KG» ЖЧКсынын башкы директору Мирбек Аскалиев кол коюшту.

Меморандумдун алкагында муниципалитет «Белес КЖ» ЖЧКсынан чыгарылган техникалардын сапатын текшерүү максатында газ кыймылдаткычы бар 5 автобус сатып алууну көздөөдө.

Ошондой эле Бишкек шаары боюнча мындан аркы пландарды жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну талкуулашты.

Белгилей кетсек, буга чейин Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаров жана КРнын Министрлер Кабинетинин Төрагасы «Белес» ишканасына барышып, ата мекендик өндүрүшчүлөрдү колдоону тапшырган.