Бишкекте №9 шаардык китепкананын базасында экинчи коворкинг борбор ачылды.

Ачылыш аземге Бишкек шаарынын вице-мэри Виктория Мозгачева, Beeline компаниясынын башкы директору Андрей Пятахин, Билим берүү демилгелер фондунун негиздөөчүсү Зафарбек Сулайманов, Билим берүү демилгелери фондунун Байкоочу кеңешинин төрайымы Айжан Чыныбаева катышты.

Коворкингдин максаты – активдүү таланттуу жаштарды колдоо, санариптик жана инновациялык ишмердүүлүктү өнүктүрүү жана жарандарды китепканаларга тартуу болуп саналат.

Бишкек шаарынын вице-мэри Виктория Мозгачева сөз сүйлөп, китепканаларды колдоо максатында мындай борборлорду ачуунун маанилүүлүгүн белгиледи.