Октябрь акимиаты Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын, Бишкек шаарынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун, Октябрь райондук Өзгөчө кырдаал бөлүмү  жана МАБдардын өкүлдөрү менен биргеликте спорттук-көңүл ачуучу жайлардын, бассейндердин администрациясы жана кызматкерлери менен түшүндүрүү мүнөзүндөгү профилактикалык иш-чаралар өткөрүлүүдө.

Октябрь районунун Өзгөчө кырдаал бөлүмү тарабынан бассейн кооптуу жай экендигин эскертти. Ушуга байланыштуу, бардык коноктор жаракат алуудан жана кырсыктардан сактануу үчүн, жүрүм-турум эрежелерин жана коопсуздук эрежелерин сакташы керек экендигин эскертти. Ошондой эле машыктыруучулардын жана куткаруучулардын ишин күчөтүүнү сунуштады.