Биринчи май районунун акиминин орун басары Аида Рысбаева бала бакчанын оңдоо иштеринин жүрүшү менен таанышты.
Текшерүү Касым конушунун №1 «Шоола» мектепке чейинки билим берүү уюмунда өттү.

Бала бакчада  биринчи жана экинчи кабаттарынын жыгач, кафель полдорун демонтаждоо жана монтаждоо иштери толугу менен бүткөрүлүп, жер астындагы инженердик коммуникациялары, электр зымдары алмаштырылды, терезе, эшик блоктору оңдолуп, жарым-жартылай алмаштырылды,  имараттын периметрин бойлой  арык системасы жаңыга алмаштырылды.

Азыр участоктун аймагын тазалоо жана 2-кабатын жасалгалоо иштери жүрүп жатат.

Оңдоо-калыбына келтирүү иштери аяктагандан кийин быйыл күзүндө бала бакчаны ачуу пландалууда.

Белгилей кетсек, Коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш мамлекеттик башкармалыгынын  сынагынын жыйынтыгында «Изоел» курулуш компаниясы ишке ашырууда.

Эске салсак, өткөн жылдын март айында бул бала бакча авариялык абалда деп табылган. Имаратты эксплуатациялоо учурунда жер астындагы инженердик коммуникациялардан суу каптагандыктан,  биринчи кабаттын ички дубалдарынын жана полунун чөгүп кетишине алып келген.