18-июнь күнү саат 18:00дө "Ала-Тоо" кинотеатрынын алдындагы аянтчада 8-эл аралык йога күнүнө карата масштабдуу иш-чара өткөрүлөт.

Иш-чара Индиянын Кыргыз Республикасындагы элчилиги жана Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан өткөрүлүүдө.

Майрам эки бөлүктөн турат: Курманжан Датканын эстелигинин алдындагы аллеяда массалык йога сабагы жана маданий программа.

500гө жакын катышуучу тажрыйбалуу инструкторлордун жетекчилиги астында йога көнүгүүлөрүн жасашат.

Иш-чаранын негизги максаты - Covid-19 пандемиясынан кийин жарандарды сергек жашоого жана активдүү эс алууга тартуу.

Йога - дене менен рухтун биримдигин камтыган байыркы индиялык салт. Дене менен жан дүйнө сергектигинин этикалык маданияты болуп саналат. Денени жана жан дүйнөнү ар кандай татаалдыкта жакшыртуу, ой жүгүртүүгө ыңгайлуу болгон абалдарга денени көндүрүү.

2014-жылы БУУ эл аралык йога күнүн белгилөө боюнча резолюция кабыл алган.

Резолюцияны 177 мамлекет, анын ичинде Кыргыз Республикасы да колдоп, ошондон бери чоңдор менен балдар, айымдар менен мырзалар чогулуп, йога менен машыгышат. Акыркы жети жылдын ичинде Эл аралык йога күнү Бишкекте жана Кыргызстандын башка шаарларында абдан ийгиликтүү белгиленип келет.