Ош базарында жана ага жакын көчөлөрдө жайгашкан башаламан соода - сатыкты жоюу максатында Ленин районунун акими Русланбек Тагаев көчмө жыйын өткөрдү.

Көчмө жыйын «Берекет универсал» соода борборунун жетекчилиги менен жолугушуудан башталды. Жыйындын жүрүшүндө соода борборунун ичиндеги бош турган соода жайлары иликтенип, район башчысына соода жайлары ыңгайлуу баада ижарага берилип жаткандыгы тууралуу айтылды.
Мындан тышкары, Чүй проспектиси менен Фучик көчөсүнүн кесилишиндеги «Берекет» соода борборунун эсебинен сквер уюштуруу боюнча келишим түзүлдү.

Ошондой эле, район башчысы Чүй проспектисиндеги көпүрөнүн жанындагы тротуарды реконструкциялоонун жүрүшү менен таанышты. Аталган иштер анын тегерек чекесинде жайгашкан тез тамактануучу жайлардын ээлери тарабынан жасалат.
Район башчысы борбор калааны көрктөндүрүү иштерине көрсөткөн жардамы үчүн ишкерлерге ыраазычылык билдирди.