Свердлов муниципалдык администрациясы, "Тазалык" муниципалдык ишканасы, Көрктөндүрүү жана жерди пайдаланууну көзөмөлдөө  боюнча инспекция менен биргеликте борбор калаада тартип орнотууну улантууда.

Кызматкерлер күн сайын мыйзамсыз орнотулган күркөлөрдүн, жарнактардын жана плакаттардын ээлери менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Москва, Ибраимов көчөлөрүндө жана Чыгыш-5 кичи районунда 7 күркө, штендерлер, баннерлер, стеллалар демонтаждалды. Ошондой эле, "Мадина" базарында темир тосмолорду демонтаждоо жүргүзүлдү.

Бул багытта иш жүрүп жатат.

Урматтуу шаардыктар! Инспекциянын ишинин маселелери боюнча номерлер боюнча кайрылса болот:
Свердлов району боюнча: 0705003137;
- Октябрь району боюнча: 0551551745;
- Биринчи май району боюнча: 0555404818;
- Ленин району боюнча: 0550070505.