Биринчи май  муниципалдык администрациясынын кызматкерлери Улуттук тарых музейинде болушту.

Кызматкерлер “Бабалардын баа жеткис мурасы: Тайган” көргөзмөсүн көрүштү.

Музейдин кызматкери толук кандуу маалымат менен бөлүшүп, ошондой эле кызматкерлерди кыргыз тайганы тууралуу тарыхый, археологиялык материалдар жана табылгалар менен тааныштырды.

Экскурсия акимиаттын кызматкерлеринин эсинде унутулгус таасир калтырды.

Биринчи май районунун акимиаты Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан кабыл алынган “Инсанды руханий-адептик жактан өнүктүрүү жана дене тарбия тарбиялоо жөнүндө” токтомунун алкагында элибиздин жана мамлекеттүүлүктүн тарыхын, Кыргызстан элдеринин маданияттарынын биримдигин изилдөөгө багытталган иш-чаралар улантылат.