Башчы жолугушуунун башында  №86 мектептин техникалык абалы менен таанышты, учурда чатырын алмаштыруу иштери жүрүп жатат, мындан тышкары имараттын ичин оңдоо иштери жана комплекстүү жабдыктар менен камсыз кылуу талап кылынууда.

Андан соң конуштун жашоочулары менен жолугушуу болуп, анда актуалдуу маселелер: бала бакча, суу алгыч, жабык дренаждык түйүн куруу, трансформатордук көмөкчордонду орнотуу жана электр мамылары  боюнча бир катар кайрылуулар болду. Конуштун кире бериши  жолго жакын  жайгашып кооптуу болгондуктан, милиция бөлүмчөсүн башка жакка көчүрүү маселеси да талкууланды.

Бардык маселелер боюнча тапшырмалардын протоколу түзүлүп, тиешелүү кызматтарга жөнөтүлөт.

Урматтуу шаардыктар! Шаар турмушуна байланышкан бардык маселелер боюнча 1840, 1850 колл-борборунун кыска номурларына чалып, фото жана видеолорду WhatsApp: 0554 182185 номерине жөнөтсөңүз болот.