Борбордун акимчиликтери сууга түшүү мезгили кызуу маалында бассейндерге жана суу сактагычтарга карата рейддерди өткөрүшөт.

Биринчи май акимиаты, райондук ички иштер бөлүмүнүн жана ӨКМдин, Бишкек шаарынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун өкүлдөрү менен биргеликте спорттук-зоок жайларынын, бассейндеринин жетекчилиги жана кызматкерлери менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен Патрис-Лумумба көчөсүндөгү №86 үйдүн короосунда «Асема» ачык бассейнин текшерүү учурунда чоңдордун коштоосуз жашы жете элек балдардын болгондугу, ошондой эле куткаруучулардын ордунда  жоктугу аныкталган.

Жеринде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 13-августундагы №466 «КРнын суу объектеринде адамдарды коргоо эрежелерин бекитүү жөнүндө» токтомуна ылайык бассейндин талапка жооп бербегендиги боюнча акт түзүлгөн. Текшерүү боюнча  материалдар Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык чараларды көрүү үчүн Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгына жөнөтүлгөн.

Белгилей кетсек, Биринчи май районунун аймагында 9 суу объектиси, анын ичинен 5 ачык жана 2 жабык бассейн, эки ачык «Блошка» жана «Сорока» суу сактагычтары бар.

Урматтуу ата-энелер жана балдар! Борбор калаанын мэриясы суу объектилерди кооптуу деп эскертет. Жаракаттарды жана кырсыктарды болтурбоо үчүн бассейндерде жана көлмөлөрдө болуу эрежелерин сактаңыздар. Сак болуңуздар!